# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 347-р
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9557/edition/532679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу (28.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209202

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 22-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 13-июлу № 347-б "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги № УӨ № 163 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
