# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-декабрындагы № 240 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-декабрындагы № 240 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1856/edition/818922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-декабрындагы № 240 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20920

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-февралы № 56 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-декабрындагы № 240 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын "Жаңы-Шаар партиясы - Партия Новый город" саясий партиясы тууралуу 2017-жылдын 13-февралындагы (чыг. № 11/2-10-17) катын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, 10-беренесинин 1, 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-декабрындагы № 240 токтомунун аталышындагы жана текстиндеги: "Жаңы - Шаар - Новый город" жана "Жаңы шаар" деген сөздөр, "Жаңы Шаар партиясы - Партия Новый город" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
