# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 426-б ("CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 426-б ("CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 426-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9546/edition/526083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 426-б ("CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (19.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 19-сентябры № 426-б Кыргызстандан жана Тажикстандан электр энергиясын Афганистанга жана Пакистанга экспорттоо каралган "Борбордук Азия жана Түштүк Азия региондук электр энергия рыногу" (CASAREM) долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында:

1. "CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

А.Атамбаев
