# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 419-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 419-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 419-р
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9541/edition/526071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 419-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161 буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (16.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209186

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 16-сентябры № 419-б Казакстан Республикасы гуманитардык жардам катары берүүчү 500 тонна көлөмдөгү гибрид жүгөрүнүн үрөнү Кыргыз Республикасына кеч келгенине жана ал үрөндү 2011-жылы жазгы себүүдө пайдаланууга мүмкүн болбогонуна байланыштуу, ошондой эле республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2012-жылы жазгы себүүдө пайдалануу үчүн гибрид жүгөрүнүн жогорку сапаттагы үрөнү менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 161 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- үрөн чарбалар жана айылдык товар өндүрүүчүлөр товардык кредиттерди ушул буйрук менен белгиленген акча каражат түрүндө, 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кайра төлөөсүн камсыздасын.".

Премьер-министр

А.Атамбаев
