# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 412-б (Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитети бекитилү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 412-б (Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитети бекитилү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 412-р
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9535/edition/526061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 412-б (Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитети бекитилү боюнча) буйругу (13.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209180

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 13-сентябры № 412-б Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2007-жылдын 7-августунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоор (0077 - КGZ SF)" гранттык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Жарлыгы менен ратификацияланган "Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоор" деген гранттык макулдашууга ылайык, ушул долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан ишти координациялоону камсыздоо максатында:

1. Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо боюнча долбоордун Координациялык комитети төмөнкү курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Координациялык комитеттин - төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары.

Координациялык комитеттин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, долбоордун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Салыктык консультанттар палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча).

2. Координациялык комитет жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдап турсун.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-февралындагы № 53-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 616-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 273-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 50-б буйругу.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
