Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасы менен биригип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Макулдашууну түзгөн, Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугун ачуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине багытталган нотасынын тиркелген долбоору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 12-сентябры № 409-б
1. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасы менен биригип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Макулдашууну түзгөн, Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун ачуу жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугун ачуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине багытталган нотасынын тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте бул нотаны Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине жиберсин.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өз урматын билдирүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталат) эки мамлекеттин ортосунда достук мамилелерди, жакын коңшулук ынтымакты жана кызматташууну өнүктүрүүнү каалаган жалпы ниетин жетекчиликке алуу менен Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугун ачуу жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын Башкы Консулдугун ачуу боюнча достук консультациялардын жыйынтыктары боюнча төмөндөгүлөр жөнүндө келишкендигин тастыктайт:
1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугунун Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында ачылышына макулдугун билдирет. Консулдук округдун аймагына Гуандун провинциясы, Фуцзянь провинциясы, Цзянси провинциясы, Хунань провинциясы, Хайнань провинциясы жана Гуанси-Чжуан автономиялуу району кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Башкы Консулдугунун Кыргыз Республикасынын Ош шаарында ачылышына макулдугун билдирет. Консулдук округдун аймагына Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу жана Ош шаары кирет.
3. Тараптар 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына, 1993-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Консулдук келишимге ылайык, ошондой эле эки мамлекеттин мыйзамдарына жана эки тараптуу принциптерге ылайык өз мамлекеттеринин аймагында консулдук мекемелердин ачылышына жана алардын консулдук кызматтарын аткаруусу үчүн бири-бирине толугу менен көмөк көрсөтөт.
Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Пекин ш.
4. Эки мамлекеттин ортосунда консулдук мамилелерде пайда болгон маселелерди Тараптар эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын негизинде достук консультациялар жолу менен чечишет.
Эгерде Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда баяндалган менен макул болсо жана жооп нота менен тастыктаса, анда бул нота жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нотасы биригип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзөт, ал Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын алган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн терең урматын ырастайт.
Бишкек ш., 2011-жылдын "__"-сентябры
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.