# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 390-р
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9525/edition/526047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу (05.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209170

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 5-сентябры № 390-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялоо максатында:";

- 2-пункт "турак жай куруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялро максатында:" деген сөздөр менен толукталсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев
