# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 370-б ("ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 370-б ("ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 370-р
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9512/edition/574409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 370-б ("ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылуу боюнча) буйругу (21.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 25-августу № 370-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык) Италия Республикасынын Милан шаарында "Планетаны сактап, өмүр үчүн энергия алуу" деген девиз алдында "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөнү өткөрүүгө катышуу үчүн жана Италия Республикасынын Премьер-министринин расмий чакыруусуна байланыштуу:

1. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылсын.

2. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Уюштуруу комитети:

- "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө экспозицияны уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча чыгымдардын сметасын түзүү жана сарптоолорду андан ары каржылоо менен бекитүү үчүн зарыл эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

5. Бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттерди тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы көргөзмөнүн улуттук оператору болуп аныкталсын (макулдашуу боюнча).

6. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын экспозицияларынын башкы комиссары болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) Италияда уюштуруу комитетинин эл аралык пландагы кеңешмелерине жана жыйындарына "ЭКСПО-2015" маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген катары катышууну тапшыруу менен дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Тиркеме

Италия Республикасынын Милан шаарында болуучу

"ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү

жана Кыргыз Республикасынын катышуусу

боюнча уюштуруу комитетинин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президента, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын торагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын терагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президента (макулдашуу боюнча). (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
