КР Өкмөтүнүн («Ак-Жар» турак жай массивинин инфраструктурасын, айрым алганда жолдорун, суу менен жабдуу жана электрлештирүү объекттерин курууну өнүктүрүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 24-августу № 365-б «Ак-Жар» турак жай массивинин инфраструктурасын, айрым алганда жолдорун, суу менен жабдуу жана электрлештирүү объекттерин курууну өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрилиги 2011-жылга «Капиталдык салымдары» беренеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгы үчүн каралган 200,0 млн. сом суммасындагы каражаттардан «Ак-Жар» турак жай массивинин инфрастурктурасын өнүктүрүүгө 36,0 млн. сом жумшасын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгына «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзмаынын 38-беринесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен «Ак-Жар» турак жай массивинин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн товарларды жана жумуштарды сатып алууну жүргүзүүүгө уруксат берилсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгы «Ак-Жар» турак жай массивинини инфраструктурасын өнүктүрүүгө каражаттарды эске алуу менен 200,0 млн. сом көлөмүндө «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2011-жылга бекитилген капиталдык курулуш объектетердин тизмесин жана малымат жана отчеттуулук үчүн жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигине берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон