# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 360-б (2005-жылдын 24-25-мартында жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында жабыр тарткан "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзуна катышуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 360-б (2005-жылдын 24-25-мартында жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында жабыр тарткан "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзуна катышуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 360-р
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9503/edition/739169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 360-б (2005-жылдын 24-25-мартында жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында жабыр тарткан "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзуна катышуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү боюнча) буйругу (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209148

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 23-августу № 360-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

2005-жылдын 24-25-мартында жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана башаламандыктын натыйжасында жабыр тарткан "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзуна катышуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 380-б жана 2007-жылдын 29-майындагы № 147-б буйруктарына ылайык алынган бюджеттик ссудалар боюнча "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзунун карызды кайтарып берүү мөөнөтүн узартсын жана төмөнкү шарттарда мурда таризделген карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашуу түзсүн:

- жоюу мөөнөтү - 2020-жылга чейин;

- карызды жоюу боюнча жеңилдетилген мезгил - 2016-жылга чейин.

- карызды кайтаруунун мөөнөттөрү 15-июндагы жана 15-декабрдагы жарым жылдык бирдей төлөмдөр менен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

2016-жылы - 2000000,0 (эки миллион) сом; 2017-жылы - 3000000,0 (үч миллион) сом; 2018-жылы - 7000000,0 (жети миллион) сом; 2019-жылы - 8000000,0 (сегиз миллион) сом. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. "Бурул - Кайра жаралуу" кредиттик союзуна квартал сайын бюджеттик ссуданын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берип туруу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
