Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Эл аралык Евроазиялык соода жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусун даярдоо жана катышуу боюнча жумушчу топ бекитилүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 23-августу № 353-б 2011-жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин Үрүмчү шаарындагы (КЭР) Эл аралык Евроазиялык соода жарманкеге катышуу үчүн:
1. 2011-жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин Үрүмчү шаарындагы (КЭР) Эл аралык Евроазиялык соода жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусун даярдоо жана катышуу боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары - жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын презентациялык программасын он күндүн ичинде даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын павильонун жасалгалоо үчүн стенддердин эскиздерин даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине 2011-жылга карата республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Эл аралык Евроазиялык соода жарманкеге катышуусун уюштурууга жана катышуусуна байланышкан чыгымдарды төлөө үчүн каралган 241336 (эки жүз кырк бир миң үч жүз отуз алты) сом өлчөмдөгү каражатты "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренеси ("Туризм" бөлүгү) боюнча, 2-тиркемеге ылайык пайдаланууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 241336 (эки жүз кырк бир миң үч жүз отуз алты) сом суммадагы каражатты Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренеси ("Туризм" бөлүгү) боюнча бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрациялары:
- Эл аралык Евроазиялык Соода жарманкеге катышуу үчүн ата мекендик компаниялардын тизмесин беш күндүн ичинде беришсин;
- алар чыгаруучу продукция боюнча информациялык маалыматты даярдашсын жана жумушчу топко беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери катышуучу компанияларга көргөзмөгө коюлчу товарларды жана экспонаттарды алып чыгууда бардык тараптан жардам көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
1-тиркеме
Үрүмчү шаарындагы (КЭР) Эл аралык Евроазиялык соода
жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусун
даярдоо жана катышуу боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармасынын начальниги, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин командачысынын орун басары.
2-тиркеме
Үрүмчү шаарындагы (КЭР) Эл аралык Евроазиялык соода
жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусун
даярдоо жана катышуу боюнча сарптоолордун
СМЕТАСЫ
Командировкалык чыгымдар:
(сом)
| Кызматкерлердин саны | Командировка күндүн саны | 1 кызматкерге кеткен командировкалык чыгымдар (жашоого, транспортко) (сом менен) | Командировкалык чыгымдын жалпы суммасы |
|---|---|---|---|
| 4 адам | 5 күн | 41584,0 | 166336,0 |
Сарпталчу материалдар:
| Аталышы | Тираж (сан. даана, комплект) | 1 даанасынын баасы | Жалпы баа |
|---|---|---|---|
| Кыргыз Республикасы жөнүндө журнал | 200 | 150,0 (КНС) | 30000,0 |
| Кыргыз Республикасы жөнүндө буклет | 1000 | 10,0 (КНС) | 10000,0 |
| Кыргыз Республикасы жөнүндө видео- материалдар | 20 | 500,0 | 10000,0 |
| Кыргыз Республикасы жөнүндө стенд | 1 (3х1,5 кв м) | 15000,0 | 15000,0 |
| Улуттук кийим | 2 | 5000,0 | 10000,0 |
| Жалпы сумма: | 75000,0 | ||
| Командировкалык чыгымдар: | 166336,0 | ||
| Сарпталуучу материалдар | 75000,0 | ||
| Бардыгы: | 241336,0 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8