# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 350-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9495/edition/934024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (22.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209140

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 22-августу № 350-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Комиссиянын төрагасы;

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мамлекеттик кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын салыктык жана бажылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын статистикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги.".

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы № 494 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
