# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 50 "Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 50 "Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1850/edition/818781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20914.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 50 "Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (21.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20914

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-февралы № 50 Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугунан өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча кайра шайлоо 2017-жылдын 28-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
