# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 345-б (Мүлктүк комплексти өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 345-б (Мүлктүк комплексти өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 345-р
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9493/edition/525536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 345-б (Мүлктүк комплексти өткөрүп берүү боюнча) буйругу (19.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 19-августу № 345-б Айрым категориядагы адамдарды, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын медициналык тейлөө үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик имараттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Ош шаары, Ленин көчөсү, 95 дареги боюнча жайгашкан "Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары үчүн Ош облустук ооруканасы" мамлекеттик мекемесин мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мүлктүк комплексти кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өткөрүп берилүүчү мекемени андан ары каржылоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
