# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б (Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б (Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 331-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9480/edition/1275011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б (Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындоо боюнча) буйругу (04.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209124

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 4-августу № 331-б

1. 2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти сактоо жана укуктук коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти сактоо жана укуктук коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразия патенттик конвенциясына ылайык:

Төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору - Интеллектуалдык менчикти сактоо жана укуктук коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде (коомдук негиздерде) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын статс-катчысы - Интеллектуалдык менчикти сактоо жана укуктук коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде (коомдук негиздерде) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун орун басары - Интеллектуалдык менчикти сактоо жана укуктук коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңеште жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешинде (коомдук негиздерде) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы № 312-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев
