# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 328-б ("Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 328-б ("Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 328-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9477/edition/525504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 328-б ("Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (04.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 4-августу № 328-б Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында калдык сактоочу жайларды жана кен таштандыларын реабилитациялоо максатында:

1. "Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен "Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

А.Атамбаев
