# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 327-б (Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 327-б (Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 327-р
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9476/edition/526706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 327-б (Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу боюнча) буйругу (03.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209120

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 3-августу № 327-б Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда берсин;

- белгиленген тартипте аталган мамлекеттик ишкана менен бюджеттик ссуданы кайтарып берүү шарттары боюнча Карыздык милдеттенме тузсүн;

- бюджеттик ссуда берүүнүн төмөнкү шарттарын аныктасын:

бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнетүн 2012-жылдын 1-апрелинен тартып 2012-жылдын 1-июлуна чейин, ай сайын бирдей үлүштөр менен (50,0 млн. сом) белгилөөнү: ссуда проценсиз, күрөөлүк камсыздоону тариздебестен; төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткентиги үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 процент өлчөмүндө айыптык санкция белгилөөнү;

- белгиленген тартипте «2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы:

- бюджеттен алынган 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү каражаттары максаттуу багыты боюнча гана электр энергиясы, мазут жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карызы тындырууга жумшасын;

- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү ушул буйруктун 1-пунктуна так ылайыкта камсыз кылсын.

3. Буйл буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана миниралдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
