Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 3-августу № 327-б Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда берсин;
- белгиленген тартипте аталган мамлекеттик ишкана менен бюджеттик ссуданы кайтарып берүү шарттары боюнча Карыздык милдеттенме тузсүн;
- бюджеттик ссуда берүүнүн төмөнкү шарттарын аныктасын:
бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнетүн 2012-жылдын 1-апрелинен тартып 2012-жылдын 1-июлуна чейин, ай сайын бирдей үлүштөр менен (50,0 млн. сом) белгилөөнү: ссуда проценсиз, күрөөлүк камсыздоону тариздебестен; төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткентиги үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 процент өлчөмүндө айыптык санкция белгилөөнү;
- белгиленген тартипте «2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы:
- бюджеттен алынган 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү каражаттары максаттуу багыты боюнча гана электр энергиясы, мазут жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карызы тындырууга жумшасын;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү ушул буйруктун 1-пунктуна так ылайыкта камсыз кылсын.
3. Буйл буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана миниралдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 602 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 602 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8