# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20908>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1844/edition/818731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20908.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (16.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20908

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-февралы № 44 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча 2017-жылдын 21-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары - А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
