# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 567-б (Отундук мазутту сатып алуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 567-б (Отундук мазутту сатып алуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 567-р
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9432/edition/527942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 567-б (Отундук мазутту сатып алуу) буйругу (30.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209076

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 30-декабры № 567-б Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ТЭЦи 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилин тийиштүү түрдө өткөрүшү максатында:

1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинде 20 миң тонна көлөмдөгү отундук мазутту бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу сунушталсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
