Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каттын долбоорун жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 30-декабры № 564-б Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга оңдоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда жетишилген макулдашууларга байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында кол коюлган «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каттын тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр» долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кат алмашуу жолу менен түзүлүүчү Макулдашуу-катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.