# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 475-б (Полиграф аппараттарын сатып алуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 475-б (Полиграф аппараттарын сатып алуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 475-р
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9385/edition/526306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 475-б (Полиграф аппараттарын сатып алуу) буйругу (07.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 7-октябры № 475-б «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 146 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына эки полиграф аппаратын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун атайын каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.

2. Полиграф аппаратын сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы сатып алынган полиграф аппараттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын балансына тестирлөө максатында пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов
