# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 467-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 467-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 467-р
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9377/edition/526290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 467-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу (27.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209021

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 27-сентябры № 467-б Фермердик чарбалардын деңгээлинде айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн инвестициялык жана техникалык колдоо жана жогорулатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов
