# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 38 "Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 38 "Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1838/edition/818685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 38 "Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (13.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20901

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-февралы № 38 Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө 2017-жылдын 9-февралында Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 27-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
