# Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө

- Толук аталышы: Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-72/edition/285338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2090

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 12-марты ПУ N 90

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык

жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө

Энергетика комплексин реформалоо мезгилинде республиканын калкын

даректүүсоциалдык жактан коргоонун кошумча чараларын турмушка ашыруу

максатында токтом кылам:

1. Керектөөнүн гарантияланган минималдуу дењгээлин 20 процентке

жогорулатуу жолу менен 2001-жылдын 1-апрелинен тартып аз камсыз болгон

үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик пособиелердин өлчөмү

жогорулатылсын.

2. Энергия булактарына социалдык жактан корголгон тарифке укуктуу

жарандардын категориялары үчүн бир адамга кирешенин баштапкы дењгээли

200 сомдон 300 сомго чейин көбөйтүлсүн.

3. 2001-жылдын 1-январына карата тузүлгөн орточо жылдык эмгек

акынын өсүш дењгээлине пенсияны эсептөө үчүн эмгек акыга тузөтүү

коэффициенттерин жогорулатуу жолу менен эмгек пенсиялары 2001-жылдын 1-

июлунан тартып жогорулатылсын.

4. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы өтө татаал жаратылыш-

климаттык шарттарда жашоого жана иштөөгө байланыштуу жењилдиктерге

укуктуу жарандар үчүн жылытуунун жењилдетилген мезгили 7 ай – 1-

октябрдан тартып 30-апрелге чейин деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ар айдагы социалдык пособиелердин өлчөмүн 2001-жылдын 1-

январынан тартып 50 процентке жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

- мыйзам актыларына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

кароосуна койсун;

- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин;

энергия булактарына тарифтер жогорулаган шартта калкты социалдык

жактан коргоонун кошумча чаралары жөнүндө жалпыга маалымдоо

каражаттарына кењири түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзсүн.

6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Премьер-министри К.С.Бакиевге жүктөлсүн.

7. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
