# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 317-б (Администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды баланска өткөрүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 317-б (Администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды баланска өткөрүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 317-р
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9345/edition/525653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 317-б (Администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды баланска өткөрүү) буйругу (29.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208989

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 29-июлу № 317-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктун аткаруу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдасын жана мурда Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинен алынган "Иркештам" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын балансына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгилеген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди балансына кабыл алынсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
