Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды баланска өткөрүү) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 29-июлу № 317-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктун аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдасын жана мурда Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинен алынган "Иркештам" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгилеген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди балансына кабыл алынсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген)Постановление · 30.12.2010 · № 342
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын…Постановление · 30.12.2010 · № 342 · Күчүн жоготкон