# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 316-р
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9344/edition/525651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208988

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 28-июлу № 316-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын билдирмесине ылайык республикалык бюджеттен өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат жана отчет берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү маалымат берсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын, бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
