# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 302-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 302-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 302-р
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9334/edition/525631/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 302-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү) буйругу (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208978

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 26-июлу № 302-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б буйругуна төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктта:

"бекитилген жоюу комиссиянын актысына" деген сөздөр "бекитилген жоюу комиссиясынын актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги жоюлгандыгына байланыштуу" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жетинчи башкы башкармасы кабыл алган мүлктү өткөрүп берүү актысынан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын .

- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына мурда Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги пайдаланып келген радио жыштыктарды өткөрүп берсин.".

Премьер – министри

А.Атамбаев
