Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Айкөл Манас» эстелигин жана Ч.Т.Айтматовдун эстелигин мамлекеттик заказ катары даярдоо жана орнотуу боюнча)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 18-июлу № 286-б Акыркы жылдарда Кыргызстанда бир катар окуялар болуп өттү, алар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды гана олуттуу өзгөртпөстөн, элдин ынтымагы жана интернационализм маселелеринин маанилүүлүгүн күчөттү. Кыргызстандын жарандарынын, өзгөчө жаштар чөйрөсүнүн арасында өлкөнүн ургаалдуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болуучу элдин ынтымагынын бийик идеалдарын белгилөө, улуу руханий багыттарды жайылтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин майрамдоого байланыштуу:
1. Төмөнкү эстеликтер орнотулсун:
- «Айкөл Манас» эстелиги Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында;
- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун эстелиги Киев көчөсүндө (Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянты).
2. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте «Айкөл Манас» эстелигин жана Ч.Т.Айтматовдун эстелигин мамлекеттик заказ катары даярдоо жана орнотуу боюнча зарыл болгон иштерди мыйзамдарга ылайык жүргүзсүн;
- «Айкөл Манас» эстелигин жана Ч.Т.Айтматовдун эстелигин даярдоо жана орнотуу боюнча, ошондой эле эстеликтердин постаменттерин куруу жана реконструкциялоо боюнча чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы №375 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чарлардын планын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун эсебинен жүргүзсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы «Айкөл Манас» эстелигин жана Ч.Т.Айтматовдун эстелигин орнотуу жана постаменттерин куруу, реконструкциялоо боюнча заказ берүүчү болуп аныкталсын.
4. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган эстеликтерди орнотуу жана постаменттерин куруу, реконструкциялоо үчүн бир булактан алуу ыкмасы менен подряддык уюмдарды аныктоого уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын мэриясы, Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен бирдикте:
- «Ала-Тоо» аянтындагы «Эркиндик» эстелигинин ордуна «Айкөл Манас» эстелигин орнотуу менен байланышкан маселелерди чечсин;
- «Эркиндик» эстелигин анын автору менен макулдашуу боюнча орнотуу үчүн жерди аныктасын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри И.К.Жунусовго жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы №375 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2011 · № 375 · Күчүн жоготкон