# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 283-б (Кыргыз-казакстан инвестициялык фондун түзүу маселелерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 283-б (Кыргыз-казакстан инвестициялык фондун түзүу маселелерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 283-р
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9316/edition/528650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 283-б (Кыргыз-казакстан инвестициялык фондун түзүу маселелерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү) буйругу (17.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208960

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 15-июлу № 283-б Кыргыз-казакстан инвестициялык фондун түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен «Казына Капитал Менеджмент» акционердик коомунун (Казакстан) ортосунда кол коюлган протоколго ылайык:

1. Төмөнкү курамда кыргыз-казакстан инвестициялык фондун түзүу маселелерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн:

Ташбаев У.А.

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, жумушчу топтун жетекчиси;

Примов А.А.

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Байгончоков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Мамбеталиева Ж.Ж.

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Жумалиев К.Н.

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

Чокоев З.Л.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Мурзаев К.С.

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги.

2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө кыргыз-казакстан инвестициялык фондун натыйжалуу түзүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Жумушчу топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди өзүнүн ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
