# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б (2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо максатында акча каражатын атайын эсебине которуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б (2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо максатында акча каражатын атайын эсебине которуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 279-р
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9313/edition/530017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б (2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо максатында акча каражатын атайын эсебине которуу) буйругу (09.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208956

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 14-июлу № 279-б (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б, 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыздоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялоо максатында: (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын «2010-жылдын 6-8- апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо максатында каражаттарды топтоо үчүн эсеп, сом менен» деген №1010100037512883 эсебине топтолгон 345,2 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары – Мамкомиссия) атайын эсебине которсун.

2. Мамкомиссия ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн , ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялро максатында гана пайдаланууну камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер – министри

А.Атамбаев
