Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай курууну каржылоону камсыздоо максатында акча каражатын атайын эсебине которуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 14-июлу № 279-б (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б, 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыздоо, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялоо максатында: (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын «2010-жылдын 6-8- апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй – бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо максатында каражаттарды топтоо үчүн эсеп, сом менен» деген №1010100037512883 эсебине топтолгон 345,2 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун туугандарын жана жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары – Мамкомиссия) атайын эсебине которсун.
2. Мамкомиссия ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн , ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондорго эстелик тургузуу жана анын натыйжасында жапа чеккен адамдарды ооруканага жаткыруу, дарылоо, протездөө жана реабилитациялро максатында гана пайдаланууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябры № 485-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча)…Распоряжение · 05.09.2011 · № 390-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 485-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 09.10.2012 · № 485-р
Шилтеме берет (3)
- КР УӨ 2010-жылдын 18-ноябрындагы №30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.04.2010 · № 30
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.