# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 277-б (Зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 277-б (Зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 277-р
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208954>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9311/edition/525243/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208954.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 277-б (Зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу) буйругу (12.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208954

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 12-июлу № 277-б Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) ишке ашыруу жана 2010-жылдын июнь окуяларынын учурунда зыянга учураган турак үйлөрдү калыбына келтирүү максатында:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамдирекция) зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калыбына келтирилүүчү турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги калыбына келтирилген турак үйлөрдү белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алууну камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы калыбына келтирилген турак үйлөргө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер – министри

А.Атамбаев
