Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 12-июлу № 277-б Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 30-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) ишке ашыруу жана 2010-жылдын июнь окуяларынын учурунда зыянга учураган турак үйлөрдү калыбына келтирүү максатында:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамдирекция) зыянга учураган турак үйлөрдүн жайгашкан жери боюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калыбына келтирилүүчү турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги калыбына келтирилген турак үйлөрдү белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы калыбына келтирилген турак үйлөргө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.