# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июлундагы № 276-б (Кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой муниципалдык жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июлундагы № 276-б (Кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой муниципалдык жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 276-р
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208953>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9310/edition/525241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208953.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июлундагы № 276-б (Кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой муниципалдык жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактыруу) буйругу (09.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208953

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 9-июлу № 276-б Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:

1. Кат алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Л.Толстой муниципалдык жолдорун реконструкциялоо жана калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылын.

2. Бишкек шаарынын мэрине жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер – министри

А.Атамбаев
