Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын реструктуралаштыруу боюнча маселелерди карап чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 1 февраля 2012 года № 26-р (О внесении изменений в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 23 сентября 2011 года № 455-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-22.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 22-апрели № 132-б Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын реструктуралаштыруу боюнча маселелерди карап чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары:;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын реструктуралаштыруу боюнча механизмдерди иштеп чыксын жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун методикалык, уюштуруучулук камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин камсыздоо үчүн финансылык ресурстар зарыл болгон учурда эл аралык уюмдарды тартсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 455-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 26-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 26-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 455-б буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 26-р · Күчүн жоготкон