Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга «Экономика жана коопсуздук» иш-чаралар планынын 123-пунктун аткаруу максатында сүйлөшүүлөр тобун түзүү) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 17 июля 2012 года № 353-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства КР)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-17.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 21-апрели № 128-б Эл аралык валюта фонду жана донорлор менен иштөө боюнча сүйлөшүүлөр тобун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" иш-чаралар планынын 123-пунктун аткаруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда сүйлөшүүлөр тобу түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Сүйлөшүүлөр тобу билдирилген донордук жардамдарды алуу процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасына жардамдар программасы боюнча Эл аралык валюта фонду жана донорлор менен иштөөнү 2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө улантсын.
3. Сүйлөшүүлөр тобунун жетекчисине зарыл учурда иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик, комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун эксперттерин, жана көз карандысыз эксперттерди тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 17.07.2012 · № 353-р
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 353-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 17.07.2012 · № 353-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын «Экономика жана коопсуздук» планын…Постановление · 26.01.2011 · № 26 · Күчүн жоготкон