# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 26 "2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 26 "2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1827/edition/818581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 26 "2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (30.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20890

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-январы № 26 2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 30-декабрындагы № 280 токтому менен дайындалган Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 11-январында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп Ибраимов Албек Сабирбекович табылсын.

2. Бишкек шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
