Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 6-июну № 207-б Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 12,6 млн. сомду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү өткөрүү үчүн бөлүп берсин:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Улан-Камыш айылында селден коргоо иш-чараларын;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Энчилеш айылында суу берүүнү авариялык-калыбына келтирүү иштерин;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылында суу топтоону жана суу берүүнү авариялык-калыбына келтирүү иштерин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон