# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 203-р
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9244/edition/524973/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208886

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 3-июну № 203-б "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында:

1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Сапарбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык комиссиянын терагасы; Урустемов А.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын биринчи башкармалыгынын биринчи бөлүмүнүн начальниги; Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги; Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин статс-катчысы; Момошев К.М. - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун нефтегаз казуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Тотонов М.С. - Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы.

2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгил үчүн "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишине текшерүү жүргүзсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизсин.

3. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүлөргө укук берилсин:

- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;

- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматты сурап алууга.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиевге жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
