Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча план бекитилү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 31-майы № 194-б "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Тиркелген "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2011-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планда каралган чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү камсыз кылышсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 194-б буйругу менен бекитилген
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын
укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча
ПЛАН
| № | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|
| 1 | Эгерде иштегендердин саны 20 адамдан аз болсо, иштегендердин санынын 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча ченемдиктерди 2011-жылдан тартып жыл сайын сентябрь айына чейин иштеп чыгуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын бекитүүсүнө киргизүү | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 2 | Эгерде иштегендердин саны 20 адамдан аз болсо, иштегендердин санынын 5 пайызынан кем эмес өлчөмдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги иштеп чыккан ченемдиктерди 2011-жылдан тартып жыл сайын октябрь айына чейин бекитүү | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 3 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоонун бекитилген ченемдиктерди кийинки календарлык жыл башталганга чейин кеминде 3 ай мурда иш берүүчүлөргө жеткирүү | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги |
| 4 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар автомобилдик ташуу кызматын тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү атайын ыңгайлаштырылган каражаттар менен жабдылган муниципалдык транспортту сатып алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10 пайыздык квотаны караштырган токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 5 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды үйүндө окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 486 токтому менен бекитилген жоболордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайыктуулугу маселесин караштыруу жана натыйжасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте маалымдоо: - майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө; - майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо боюнча министрлиги |
| 7 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берүү тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 8 | Иштеп жаткан социалдык инфраструктура объекттеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын баруусу үчүн зарыл шарттарды караштырган чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 9 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн музейлерге, театрларга жана көргөзмөлөргө акысыз кирүү күндөрүн белгилөө боюнча графикти бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 10 | Мамлекеттик жана муниципалдык имараттарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кирүү жолдору менен бардык жерде жабдуунун орто мөөнөттүү планын иштеп чыгуу | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
| 11 | Жүргүнчүлөрдү ташуу каттамдарын тейлөө конкурстарын өткөрүүдө транспорттук каражаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ыңгайлаштырылган юридикалык жана жеке жактарга артыкчылык укугун караштыруу | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар…Постановление · 24.08.2007 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 1999 года №486 "Об утверждении положений о государственной базовой программе реабилитации инвалидов и об индивидуальной программе…Постановление · 07.09.1999 · № 486 · Күчүн жоготкон