# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 192-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 192-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 192-р
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208876>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9234/edition/530612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208876.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 192-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизүү боюнча) буйругу (31.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208876

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 31-майы № 192-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 525-б буйругунун редакциясына ылайык) "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомундагы жагдайды турукташтыруу, иштетүүнүн жана пайдалануунун атайын режимин белгилөө, 2012-2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык:

1. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун иштетүүнүн жана пайдалануунун атайын режими белгиленген тартипте башкаруу органдарын шайлоого чейин киргизилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 525-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы Б.Ж.Асанов облустун укук коргоо органдары менен бирдикте "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын. Өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик жөнүндө Б.Ж.Асановго эскертилсин.

4. Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиев "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 1-январынан баштап 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилдеги финансылык-чарбалык ишин текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы тууралуу сунушту эки күндүк мөөнөттө киргизсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиевге жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
