# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 186-б (Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жарандык коом институттары менен өз ара аракетин жакшыртуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 186-б (Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жарандык коом институттары менен өз ара аракетин жакшыртуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 186-р
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9230/edition/524948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 186-б (Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жарандык коом институттары менен өз ара аракетин жакшыртуу боюнча) буйругу (11.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208872

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 25-майы № 186-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 8-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жарандык коом институттары менен өз ара аракетин жакшыртуу максатында:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары бир айлык мөөнөттө:

- мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракетин аныктоочу ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жана талдоо жүргүзүшсүн жана өздөрүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтиришсин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракетинин форматын жана жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизишсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте 2011-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкүлөрдү ишке киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин:

- мамлекеттик органдардын өлкөнүн жарандарынын алдындагы дайыма отчет берип туруу, ошондой эле алар жүргүзүп жаткан жана пландаган иштер жөнүндө калкка өз учурунда маалымат берүү каражаттарын жана форматтарын;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасына карата алардын ишин көз карандысыз жана калыс баалоо үчүн "калктын ишеним индекси" милдеттүү өлчөө методикасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
