# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 175-б (2011-жылдын 19-майында Минск шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 175-б (2011-жылдын 19-майында Минск шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 175-р
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9220/edition/524584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 175-б (2011-жылдын 19-майында Минск шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу (17.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 17-майы № 175-б 2011-жылдын 19-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:

- Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин долбоору;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2000-жылдын 25-январындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташууларынын негизги багыттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;

- "КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык иши үчүн маалыматтар" КМШнын бөлүштүрүлгөн маалыматтык системасы жана порталы формасында КМШга катышуучу мамлекеттердин Инновациялык ишинин маалыматтык инфраструктурасын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймагына чыгуучу үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Фундаменталдык илимдер жаатында кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору.

Премьер-министр

А.Атамбаев
