Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-январындагы № 3 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-январы № 22 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-январындагы № 3 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-январындагы № 3 чечиминин Ашырбеков Жоомарт Сайыровичти Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу бөлүгү, көрсөтүлгөн чечим мыйзамдардын бузулушу менен кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы Ашырбеков Жоомарт Сайыровичти Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттасын.
3. Бул токтом Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго тапшырылсын.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон