# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 163-б (Таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 163-б (Таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 163-р
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9211/edition/524568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 163-б (Таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берүү боюнча) буйругу (13.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208853

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 13-майы № 163-б Калдык сактагычтарды колдонууну тартипке салуу максатында, "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун кайрылуусун эске алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:

- мурда Кыргыз тоо кен комбинатына (азыр - "Кыргыз химиялык-металлургиялык завод" ачык акционердик коому) таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берсин;

- "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому менен бирге Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн.

2. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын өзүнүн балансына алуу сунушталсын.

3. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын эксплуатациялоо, коопсуз күтүүнү камсыз кылуу, кайтаруу жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу экендиги белгиленсин.

4. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна карата контролдук функцияларды аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте камсыз кылышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 810-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
