Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы «Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу» ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 13-майы № 163-б Калдык сактагычтарды колдонууну тартипке салуу максатында, "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун кайрылуусун эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:
- мурда Кыргыз тоо кен комбинатына (азыр - "Кыргыз химиялык-металлургиялык завод" ачык акционердик коому) таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берсин;
- "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому менен бирге Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
2. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын өзүнүн балансына алуу сунушталсын.
3. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын эксплуатациялоо, коопсуз күтүүнү камсыз кылуу, кайтаруу жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна карата контролдук функцияларды аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 810-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 128 (К.А. Боронове жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.04.2012 · № 128
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 10-июлундагы № 202 (К.А.Боронове жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 10.07.2012 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын № 810-б буйругуРаспоряжение · 13.12.2004 · № 810 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын № 810-б буйругуРаспоряжение · 13.12.2004 · № 810 · Күчүн жоготкон