# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 21 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 21 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20885>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1822/edition/818815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20885.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 21 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (27.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20885

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-январы № 21 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-январындагы № 4 чечиминин Сманалиев Алтынбек Эсенкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу бөлүгү, көрсөтүлгөн чечим мыйзамдардын бузулушу менен кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы Сманалиев Алтынбек Эсенкановичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары каттасын.

3. Бул токтом Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
