Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду 2017-жылдын 15-январында № 7159 шайлоо участкасында өткөн кайра добуш берүүнү эсепке алуу менен бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-январы № 17 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду 2017-жылдын 15-январында № 7159 шайлоо участкасында өткөн кайра добуш берүүнү эсепке алуу менен бекитүү жөнүндө 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн Пригородный айылдык кеңешинде 4 шайлоо участогун камтыган 4 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктары жогорудагы Мыйзамдын 31-беренесинин 7-пунктунун талаптарын бузуу менен чыгарылгандыгына байланыштуу, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы чечими менен Пригородный айылдык кеңешинин № 7159 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыктан, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-январындагы чечими менен Пригородный айылдык кеңешинин № 7159 шайлоо участогунда кайра добуш берүү 2017-жылдын 15-январына дайындалып, өткөрүлгөн. Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жана Пригородный айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.10.2016 · № 213 · Күчүн жоготкон